Кыргызстандын Соттор кеңеши бүгүн, 29-августта мурдагы депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду актаган Бишкек шаардык сотунун судьяларынын ишине баа берет. Ал судьялар Курманкул Зулушев жана Медербек Сатиев. Ал эми үчүнчү судья Сания Бранчаева сотто "өзгөчө пикир" билдирип, депутаттарга актоо өкүмүнүн чыгышына каршы болгон эле. Буга байланыштуу бул соттук териштирүүгө ал катышпайт. Бул тууралуу аталган кеңештин басма сөз кызматы билдирди.