Нарын. Генератор сураса бербей койсо, шаар мэри кызматкерлерин ашата сөгүптүр. Учурда "Мэр кетсин!" деген ураан менен митинг өтүүдө

Бүгүн, 29-августта Нарын шаарында "Сууканал" ишканасынын 50дөй кызматкери “Мэр кетсин!” деген ураан менен митинг өткөрүшүүдө. Алардын айтымында, мэр Баатырбек Жээналиев 28-августта "Сууканалга" таандык генераторду берүүнү талап кылып, буга каршы болгон кызматкерлерди оозго алгыс сөздөр менен сөгүптүр. "Генератор ишканада свет жокто колдонулчу жалгыз жабдык. Аны этияттап пайдаланабыз. Эгер ал бузулуп калса, биздин бардык ишибиз токтойт. Мэр аны эмне максатта сураганы белгисиз, бирок баарыбызды баккан "атабыз" деп эсептеген шаар башчысы кызматкерлерин оозго алгыс сөздөр менен сөккөнү жеткен маданиятсыздык”,- дейт ишкананын кызматкери Төлөмүш Сарүкүев. Мэр чогулгандардан кечирим сурады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан