Саруулуктар "Кумтөрдөн" акча талап кылды" деп айыпталган уулдарынын күнөөсүз экенин айтышууда
Ысык-Көлдүн Саруу айылындагылар "Кумтөрдөн" 3 миллион доллар талап кылышты" деп айыпталып жаткан Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановду күнөөсүз деп эсептешет. Муну бүгүн, 29-августта аталган айыл өкмөттүн башчысы Талчын Меңдибаев бизге билдирди. "Биз видеотасманы теледен көрдүк. Атайын жасалганы көрүнүп турат. Экспертизага берсе беришсин",- дейт ал. Айыл өкмөт башчысы мындан башка маалымат берүүдөн баш тартты.