Түптүн Кичи-Өрүктү айылындагы Ж.Бактияров атындагы мектеп оңдолуп, колдонууга берилди

Ысык-Көлдүн Түп районундагы Кичи-Өрүктү айылында Ж.Бактияров атындагы мектептин капиталдык оңдоо иштери бүтүп, колдонууга даяр. Аны оңдоого 3 миллион 288 миң сом жумшалыптыр. Мектептин полу, чатыры алмаштырылып, дубалдары толугу менен оңдоодон өттү. Директору Кундуз Булакеева билдиргендей, мектеп 2005-жылы айыл тургундары тарабынан ашар жолу менен курулган. “Учурда бул жерден 178 окуучу билим алат. 16 мугалим иштейт. Капиталдык оңдоо бүттү, эми спорт залын куруу керек”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан