Биз социалдык тармакта

Бишкекте терминалды уурдап кеткен жарандар аныкталды

Укук коргоо органдары Бишкек шаарында терминал уурдаган жарандарды аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде комендант Алмазбек Орозалиев билдирди.

"Терминал уурдаган жарандардын ким экенин ошол жакта орнотулган камералар аркылуу аныктадык. Азыркы тапта аларды таап, кармоо иши жүрүп жатат. Толук маалыматты дагы билдиребиз", - деген Орозалиев.

6-апрелде Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө Т. Б. аттуу жаран кайрылып, анын Абдрахманов көчөсүнө коюлган терминалын белгисиз адамдар уурдап кеткенин арызында жазган. Арыз ээси терминалдын өзү 1 500 доллар экенин, анын ичинде 61 миң 500 сом болгонун белгилеп, уурдап кеткен адамдарды таап, чара көрүүнү өтүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
chake
2020-04-10 13:37:44
камералар коюлганын билбеген тупой операция болуптур ким уурдаса да
+5
Jaznura
2020-04-10 13:41:56
Операция коронавирус.
+1
Sakubek
2020-04-10 13:58:30
2 жыл мурун меникин да уурдаган. Ушулар эле болуш керек,табылбай калган болчу
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан