“Кумтөрдөн" 3 миллион доллар талап кылды" деп айыпталып жаткан Эрмек Жунушбаев ИИМ уюштурган Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы спорттук мелдештин башкы калысы болууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Айзат Анарбекова билдирди. Футбол жана волейбол мелдештери бүгүн жыйынтыкталууда. Анда калыстык кылган Эрмек Жунушбаев бүгүн мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлап, грамоталарды тапшырды. Сыйлоо аземи бүтөрү менен Саруу айылына барып, атайын өтүп жаткан жыйынга катышат экен. Жунушбаевди УКМК айыптап жатат, ИИМ ага ишеним артып спорттук мелдешти башкартууда.