Биз социалдык тармакта

"National Geographic China" журналынын Кыргыз өлкөсүнө арналган атайын чыгарылышы жарык көрдү

«Chinese National Geographic» журналынын Кыргыз өлкөсүнө арналган атайын чыгарылышы жарык көрдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"2019-жылы август айында «Chinese National Geographic» журналынын редакциясынын өкүлдөрү Кыргыз өлкөсүнө келген. Март айында аталган журнал өлкөбүзгө арнаган 600 миң нускада жаңы чыгарылышын жарыкка чыгарды. Кытай Эл Республикасында Кыргыз өлкөсүнүн туризмин жайылтуу максатында редакциянын бардык тартуучу тобунун мекенибизде жүрүп, маалымат чогултуусун министрлик уюштуруп берген.

Белгилей кетсек, «Chinese National Geographic» журналы Кытайдын алдыңкы таасирдүү географиялык жана туристтик басмасы болуп саналат. Анын нускасы 1 миллиондон 3 миллионго чейин жетет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aikaaaa
2020-04-10 21:28:24
Эртерээк оору бүтүп, жай турмушубузга өтүп алсак экен. Экономикабызды көтөргөн бир тармагыбыз болгон туризмибиз кандай болоор экен. Май айынан баштап башталып калат эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан