29-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 миллиард 566 миллион метр кубду түздү. “Электр станциялары” ишканасынын билдиришинче, 2012-жылы бул көрсөткүч 17 миллиард 329 миллион метр кубду түзгөн. Суу сактагычка суунун агып кириши учурда секундуна 465 метр кубду, суунун агып чыгышы 200 метр кубду түзүүдө. Былтыр 29-августта суунун агып кириши 534 метр кубду, агып чыгышы 347 метр кубду түзгөн.