Жети-Өгүз эли "Кумтөрдүн" жолун тосууга жөнөштү

Саруу айылында митингге чогулган 100дөй адам учурда "Кумтөр" ишканасына барчу жолду тосууга жөнөп жатышат. Митингчилердин сап башында "Кумтөрдөн" 3 миллион доллар талап кылды" деп айыпталып жаткан Бактияр Курманов жүрөт. "Биз тууралуу монтаждалган видеону көрсөтүшүп элдин башын айлантып жатышат. Ооба, ишкананын өкүлү менен жолукканбыз, бирок акча талап кылуу тууралуу сөз болгон эмес. Муну ким жасаганын таап, аягына чыкмайынча "Кумтөрдүн" жолун тособуз",- деди Курманов. Чогулгандар жолду тосууга жөнөшкөнүн аймактык кабарчыбыз Айзат Анарбекова билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан