Өкмөт "Кумтөрдөн" 3 миллион доллар талап кылуу фактысы боюнча ишти иликтөөнү аягына чыгарат. УКМК менен ИИМге ишти дыкат иликтеп чыгып, күнөөлүүлөрдү жазалоо тапшырмасы берилди. Муну бүгүн, 29-августта өкмөттүк жыйында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев айтты. Премьер бул иштин артында кылмыштын элементтери турганын баса белгиледи. Кылмыштуу топтун ишканадан акча талап кылуу фактысы Жети-Өгүз районунда гана эмес, өлкөнүн бардык аймактарында бар экенин айтты. "Тийиштүү органдарга тапшырмалар берилди. Ызы-чуу жараткан видеотасма боюнча иликтөө жүрүп жатат, бул боюнча кошумча маалымат берилет",- деди өкмөт башчы.