Бүгүн, 29-августта Каракол шаарынын Восход кичи районундагы №15-мектептин курулушу менен Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Каныбек Нарбаев таанышып чыкты. Директор Табылды Темирбековдун айтымында, мектепте 22 класс бар. "Мектеп 420 окуучуга ылайыкталган, учурда 320 окуучудан кабыл алуу боюнча арыз түштү. 1-сентябрга карата курулуш иштери аяктап окуу башталат",- деди ал. Белгилей кетсек, мектепти курууга 34 миллион 952 миң сом жумшалыптыр.