Биз социалдык тармакта

Бишкектеги гипермаркеттердин биринде кардарды милиция кызматкерлери күч менен кармашты. Комендатуранын жообу

Интернетке Бишкектеги соода маркеттеринин биринде кардарды бир нече милиция кызматкерлери күч менен кармап, администрациянын бөлмөсүнө киргизип жаткан видео тарады. Анда жаран каршылык көрсөтүп жатканын, "камерага тарткыла" деп айтканын угууга болот. Видеонун автору окуя бүгүн, 12-апрелде тартылганын билдирет.

Бул боюнча Бишкек шаардык комендатурасына кайрылганыбызда, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын айтты.

"Бүгүн саат 16:05 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда 7-кичи райондогу "Глобус" гипермаркетинде ууру кармалганы маалымдалган. Жерине ыкчам тергөө тобу барышып, тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет", - деди маалымат катчы.

Дүкөндөгү кардарды милиция кызматкерлери күч менен кармашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
tachkomur
2020-04-12 19:08:22
Акчасы жок болсо не кылсын анан
+19
aza84
2020-04-12 19:21:50
Бул бийлик бобой калды
-2
chake
2020-04-12 19:48:25
aza84,бийлик карды жаатып туура эмес кылды
0
Store
2020-04-12 19:28:32
Азыр бешиктеги балада смартфон кармап интернетке кирип, ошол жактан бошобойт, вообщум бешиктеги көчүгү пок баладан баштап, бар жок өнүгүп, өсүп жаткан кезде уурулар ошол бойдон өспөй, өнүкпөй эле калышыптырда, уятта ушундай өнүккөн заманда дагы деле уурулук кылып эскилик менен жашаганы йоптишкиндер)).
-2
janyll
2020-04-12 19:33:42
Азыр ачарчылык убакта ууруларды деле туура тушунуу керек, мажбур болуусу мумкун.
+17
Asman779
2020-04-12 19:55:18
Уурулук кылганы чын болсо кармалсын Жана камалсын ещё жардам сураганы адамкерчилик эмес, жардамга муктаж адамдар башка
-2
Omar.
2020-04-12 20:01:49
Ушундай заманда ууруларды колдогондор аман болгула, өлүп баратсаң дагы "арам" дан алыс болгон жакшы го. Бирөөнүн оокатын тоноп, уурдап алып жесе мейли, ал уурдаткан байкуш ач калса мейлиби?
+1
AJow
2020-04-12 20:26:18
Милицияга баш ийбей погонун жулуп алганынан ушундай окуя орун алды...тиги 30сом учун деп симулянт болуп жатат..уурдаган товардын суммасы 50-70 сомдун тегерегинде болчу
0
AJow
2020-04-12 20:27:29
Милиция деле 30 учун эч нерсе дебейт го
+5
Suzak12
2020-04-12 20:33:13
Ач болсо уурдайт да эмне кылсын,коп болсо 500 сомдук товар болсо керек аны кармап камагандын ордуна жардам кылып койсонор болмок мумкун балдары ачкадыр ким билет.
+7
Kitep
2020-04-13 05:44:20
Suzak12,ач болсо эле уурдаган туура эмес! Уурдагандан коро жардам сураса,жардам беруучулор чыгат.
0
bekbol2006
2020-04-12 21:35:17
Особо опасный приступникти кармагандай Кармашыптыр
+2
Kitep
2020-04-13 05:49:01
bekbol2006,Фантазиян кучтуу экен )).
баш ийбей жатса ошентип кармайт да.
Особо опасный приступникти,антип эмес,Спецназ,Омондор автомат дубинкалар менен келип кармайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан