Ош. Жазуучу Жолон Мамытовдун айкелин иштеп чыгуу боюнча сынак жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды

Ош шаарында жазуучу Жолон Мамытовдун айкелин иштеп чыгуу боюнча сынак жарыяланган эле. Ал 29-августта жыйынтыкталып жеңүүчүлөр аныкталды. Сынакка жергиликтүү бюджеттен 50 000 сом бөлүнгөн. 1-орунга Токтобай Жумагулов ээ болуп 30 миң сом, 2-орунду Мамат Камчыбеков алып, 15 миң сом, 3-орунга Ибрагим Жусупов ээ болуп 5 миң сом менен сыйланды. Эске сала кетсек, 2013-жылдын апрель айында Ак-Тилек кичи районунда Жолон Мамытов атындагы журналисттер аллеясы ачылып, ал жерге жазуучунун айкелин тургузуу боюнча сынак жарыяланган болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан