Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометтен билдиришти.
"13-апрелден 16-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт. Жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл", - деп жазылат маалыматта.