"Кумтөргө" байланыштуу дагы бир ызы-чуу чыкты. Май-июнь айларындагы Жети-Өгүздөгү митингдин лидерлери болгон Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановдун "Кумтөр" ишканасынын өкүлүнөн 3 миллион доллар талап кылганы тартылган видеотасма жарыяланып, аларга карата кылмыш иши козголду. Ал эми Жети-Өгүз эли Балыкчы-Каракол унаа жолун тосушуп, иштин аягына чыкмайынча жолду ачпайбыз дешүүдө. Айыпталуучулар "эч кандай акча талап кылган эмеспиз, видеотасма монтаждалган" деп билдиришүүдө. Өкмөт болсо окуяны иликтөөнү аягына чыгара турганын убада кылды. Бул боюнча айрым адамдар бизге пикирин айтышты.
Турсунбек Акун, мурдагы акыйкатчы:
- Иштин жайын толук билбей туруп айтуу кыйын, муну такташ керек. Эгер чындап эле балдар элдин атынан “Кумтөрдөн” акча талап кылышкан болсо, алар өз жазасын алышы зарыл. Бирок азыр УКМКга ишенүү кыйын. Бул жөн эле чагымчылдык болушу да мүмкүн. Албетте, окуяны сүйүнүп кабыл алган жокмун, туура эмес иш болду дедим. 2 адамдын 3 миллион долларды талап кылышы мүмкүн эмес. Бир чети эгер Жунушбаев менен Курманов ошондой ишке барышса, жергиликтүү эл аларды эчак сабап салышмак деген ойго келесиң.
Мирсулжан Намазалиев, жаш саясатчы:
- “Кумтөрдөн” 3 миллион доллар акча талап кылгандардын теледен көрсөтүлүшү туура болду. Мындай ири компаниялардан акча талап кылып келген учурлар буга чейин эле болуп келген. УКМК, ИИМ жана башка тиешелүү органдар тарабынан кылмыштуулуктар ушундай видео аркылуу ачык-айкын чагылдырылып турса башкаларга сабак болмок. Көрсөтүлүп жаткан видеону монтаждалган дегенге кошулбайм. Анткени монтаждалган видео болсо, монитордогу көрсөтүлгөн убакыт менен саат, мүнөттөр алмашып кетмек. Мында мүнөттөр үзүлбөй көрсөтүлүп жатат. Митинг кылууга чогулган элге видеону көрсөтүү менен жагдайды түшүндүрүү аркылуу аларды таркатса болот.
Марс Сариев, саясий серепчи:
- Жети-Өгүздөгү абал курчуп бара жатат. Мындай нерселер кайталана берсе, Кыргызстандын ыдырап кетүү коркунучу бар. Эгер бийлик тарабынан катуу чаралар көрүлбөсө, Кыргызстан Ооганстандын кейпин кийип калышы мүмкүн. Бийликке болгон элдин ишеними азайган сайын жердешчилик, кылмыштуулук күчөй баштайт. Жети-Өгүздөгү, Таластагы жана Жалал-Абаддагы окуялардын баарын бийлик эсине алышы керек. Азыр аймактык элиталар бийликке каалагандай өз талаптарын коюп жатышат.
Абдумиталип Кочкорбаев, ЖКнын депутаты:
- Жергиликтүү бийликтен тартып жогорку бийликке чейинкилер маалыматты туура эмес беришүүдө. Жети-Өгүздө болуп жаткан окуялар саясатташып кетти. Мен ушуну гана айта алам.
Бактыбек Калмаматов, ЖКнын депутаты:
- "Кумтөр" Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн гана иштеши керек. Митингдер өзүнөн-өзү болбойт, сөзсүз уюштуруучулары болот. Ызы-чуу жараткан видеотасманы көрдүм. 2 баланын чындап эле элди алдына салып алышып, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга аракет кылып жатканы көрүнүп турат. Видеотасманын канчалык деңгээлде чындыкка жакын экенин жакында УКМКнын иликтөөсүнөн кийин билебиз. Митингге чыккандар "Кумтөрдөн" 3 миллион доллар доолаган балдардын шылуундугун колдобошу керек.
Сейтек Качкынбаев, саясат таануучу:
-Бул окуяны көнүмүш адат катары эле кабыл алдым. Өлкөдө мындай митингдердин болуп турушу адатка айланды. Бизде жогорку бийликтегилер өздөрү биринчи болуп мыйзамды бузушат. Мыйзамдуулук жок өлкөдө. Камакта отургандар бат эле бошотулат, эч ким жазаланбайт. Ошол себептен эл “ии, баары бир жазаланбайбыз” деген ой менен мыйзам бузууларга барып жатышат. Бул жерде президент эрктүүлүгүн көрсөтүшү керек. Ал ишти өзү көзөмөлгө алып, 1-2 ай катуу тартипте иштеши зарыл. 2 баланын "Кумтөрдөн" акча талап кылганы же жалган экени иликтөөдөн кийин белгилүү болот.