ЭЛДИК КАБАРга жооп: "Маршруттук баракчада мөөр болуш керек деген талап жок. Аны сатуу дагы мыйзамсыз" дейт комендатура

"Бишкек шаарынын чет жакасында жайгашкан конуштарда маршруттук баракчалар 50 сомдон сатылып жатат. Посттордон дагы квартал башчысынын колу жана мөөр коюлган маршруттук баракча талап кылышууда" деп билдирген SUPER.KG порталына окурман.

Буга байланыштуу шаар комендатурасына байланышканыбызда, төмөндөгүдөй жооп беришти.

"Маршруттук баракчаларда сөзсүз мөөр болсун деген талап жок. Аны колго жазып алса деле болот. Бирок бул учурда жарандын жанында башка тиешелүү документтери болушу шарт. Мисалы, ооруканага барыш керек болсо, жашаган жериндеги поликлиникадан алынган аныктама керек болот. Башка учурлар үчүн ошол аймактагы жашагандыгы тууралуу аныктаманы квартал башчыларынан алат. Ал эми маршруттук баракчалардын 50 сомго сатылып жатышы боюнча албетте, бул мыйзамсыз. Аталган окуя боюнча тиешелүү жерлерге маалымат берилди. Териштирүү жүргүзүлөт", - дешти маалымат кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurali1989
2020-04-13 18:56:07
Комерсия кылып жиберишет, окмотогулорго кудай берли. Контрольдогон эч ким жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан