ИИМ: Митингчилер Балыкчы-Каракол жолун ачышты

"Митингчилер менен сүйлөшүү жүрүп, Балыкчы-Каракол унаа жолу ачылды",- деп билдирди ИИМден. Жол тосулгандан кийин ары-бери өтө албай калган айдоочулар нааразы болуп, митингчилер менен сүйлөшүп жолду ачтырышты. Учурда каттам кадимкидей уланууда. Чогулгандар митингди уланта беришет, бирок жолду тоспой турган болушуптур. Айта кетсек, 28-августта май-июнь айларындагы Жети-Өгүздөгү митингдин лидерлери болгон Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановдун "Кумтөр" ишканасынын өкүлүнөн 3 миллион доллар талап кылганы тартылган видеотасма жарыяланып, аларга карата кылмыш иши козголду. Ал эми Жети-Өгүз эли Балыкчы-Каракол унаа жолун тосушуп, иштин аягына чыкмайынча жолду ачпайбыз дешкен эле. Айыпталуучулар "эч кандай акча талап кылган эмеспиз, видеотасма монтаждалган" деп билдиришүүдө. Өкмөт болсо окуяны иликтөөнү аягына чыгара турганын убада кылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан