Биз социалдык тармакта

Депутат апрель айында жааган кар кайсы өсүмдүктөргө зыянын тийгизгенин сурады

Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков апрель айында жааган кар кайсы өсүмдүктөргө зыян алып келгенин сурады.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев 8-9-апрель күндөрү бир топ жерлерге кар жааганын эскертти. "Негизинен Баткен облусунда эрте гүлдөгөн, түйүлгөн мөмө-жемиштер, өрүктөргө, алмаларга зыян болду. Талас, Чүй облусунда ушундай абал. Бул маселе боюнча райондук комиссия иштеп жатат", - деди министр.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отуруму өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан