Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Жанар Акаев жаратылыш газынын баасынын жогорулашы боюнча маселе көтөрдү.
"Дүйнөдө мунай менен газдын баасы төмөндөдү. Эмне үчүн Кыргыз мамлекетинде газдын баасын кымбаттатуу чечимин кабыл алдыңар? Дүйнөдө арзандап жатса, бизде да арзандаш керек эле да", - дейт депутат.
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев: "Бүгүнкү күндө бардык келишимдин негизинде бул жакка келип жаткан газдын баасы доллар менен бекитилген экен. Ай сайын келишимге ылайык, курска жараша тарифтин өлчөмү эсептелип турат. Бул маселе ЕАЭБдин алкагында коюлган", - деди.