Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы жергиликтүү тургундар тарабынан тосулган жол кечинде ачылып, учурда каттам кадимкидей уланууда. Жети-Өгүз РИИБинин башчысы Калыс Жудеевдин айтымында, митингчилер мындан ары элди бушайман кылып жолду буубай, бардык маселелерди тийиштүү адамдар менен чечебиз деп убада беришти.