30-августта республиканын көпчүлүк аймактарында мезгиз-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 20 метрге чейин жетет. Өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +18...+23°C, түнкүсүн +10...+15°C
Талас облусунда күндүз +17...+22°C, түнкүсүн +6...+11°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +21...+26°C, түнкүсүн +11...+16°C
Баткен облусунда күндүз +20...+25°C, түнкүсүн +10...+15°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +17...+22°C, түнкүсүн +8...+13°C
Нарын облусунда күндүз +19...+24°C, түнкүсүн +4...+9°C
Бишкек шаарында күндүз +20...+22°C, түнкүсүн +12...+14°C
Борбор калаада күндүз жамгыр жаашы күтүлөт.