"Кумтөрдөн" акча талап кылгандардын бири Бактияр Курманов кармалды

"Кумтөрдөн" акча талап кылышты деп айыпталып жаткандардын бири Бактияр Курманов кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Айзат Анарбекова билдирди. Маалыматка таянсак, Курмановдун үйүнө спорттук дене түзүлүштөгү балдар келишип кармап, аны Ысык-Көл ОИИБинин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Анын учурда видеотасма боюнча суралып жатканы айтылууда. Учурда Саруу жана Кызыл-Суу айылдарында кайрадан жашоочулар топтолуп жатышат. Топтолгондор Курмановдун кармалышы мыйзамсыз экенин айтышууда. Ал эми дагы бир айыпталуучу Эрмек Жунушбаев азырынча эркиндикте.  

 

Айта кетсек, 28-августта май-июнь айларындагы Жети-Өгүздөгү митингдин лидерлери болгон Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановдун "Кумтөр" ишканасынын өкүлүнөн 3 миллион доллар талап кылганы тартылган видеотасма жарыяланып, аларга карата кылмыш иши козголду. Айыпталуучулар "эч кандай акча талап кылган эмеспиз, видеотасма монтаждалган" деп билдиришүүдө. 

Кумтөрдөн 3 000 000 доллар талап кылышканбы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан