Кечээ, 14-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде камсыздандыруу төлөмдөрүн жөнгө салган мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган мыйзам долбоору камсыздандыруу мүчөлүк акыларын топтоо жана башкаруу боюнча иш милдеттерди Мамлекеттик салык кызматынын карамагына өткөрүп берүү максатында иштелип чыккан.
Эл өкүлдөрү камсыздандыруу мүчөлүк акыларын топтоо жана башкарууда элдин кызыкчылыгы эске алынып, мамлекет тарабынан мыйзамдуу иш-аракеттер жүргүзүлүшү керектигин белгилешти.
Талкуу соңунда депутаттар аталган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырышты.