АКШда коронавирус менен күрөшүп, комада жаткан келин дени сак ымыркай төрөдү. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, окуя Вашингтон штатындагы Ванкувер шаарында болгон.
"Анда 27 жаштагы келин коронавируска тест тапшырып, жыйынтыгы 24-мартта вирустун белгилери бар деп чыккан. Оорунун белгилери курчуй баштаганда дарыгерлер кош бойлуу келиндин өмүрүн сактап калуу үчүн комага жаткырып, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошушкан. Бул учурда ал кош бойлуулуктун 33-аптасында болгон.
Комада жаткан учурда келин кыздуу болгон. Наристе жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Андан эч кандай вирустун белгилери аныкталган жок. Ал эми ымыркайдын апасы дарыланып, ооруканадан чыгарылган. Бирок азырынча эне-бала көрүшө элек. Анткени келинден кайрадан алынган тесттин жыйынтыгы вирустун белгилери жок деп чыга элек", - деп айтылат маалыматта.
Мындай көрүнүш буга чейин Казакстанда катталып, анда коронавирус менен жабыркаган келин төрөгөн. Бактыга жараша наристеден коронавирус аныкталган эмес.