Депутат Айсулуу Мамашова доллардын курсу өсүп гемодиализ алуунун баасы жогорулаганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өзгөчө абал киргизилгенден бери Кыргыз өлкөсүндө гемодиализдеги 15 бейтап каза болду. "Бюджеттин эсебинен гемодиализ алууга дагы 150дөй киши кезекте турат. Бейтаптарга жардам же компенсация берүү маселесин чечсе болобу?" - деп сурады депутат.
Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бул маселе карала турганын айтты.