"Дүйнөдө күйүүчү майдын баасы арзандап жатса, бизде ошол бойдон турат", - деп бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов билдирди.
"Жазгы талаа иштери башталып жатат. Күйүүчү май эмне үчүн арзандабайт, эмне үчүн "Газпром" менен сүйлөшүп дүйнөлүк баага келтире албайсыңар? Казакстан менен сүйлөшүп, унга болгон чектөөнүн алынышы шарт. Эмне үчүн биз аларга сууну 82-жылкы келишим менен берип жатабыз? Сүйлөшүү жүргүзүп, ушул маселени өкмөттүн деңгээлинде чечкиле", - дейт Сулайманов.
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев күйүүчү майдын баасы 1,5 - 2 сомго түшүп жатканын айтты.