
Бүгүн, 15-апрелде Орусиянын президенти
Владимир Путин Тажикстандын президенти
Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу баарлашканын орус басылмалары жазышат.
Телефондук сүйлөшүү коронавирус инфекциясынын жайылышы тууралуу болгону айтылат.
"Эки мамлекет башчылары СOVID-19 илдетинин жайылышы, ага каршы күрөшүү жолдору жана алдын алуу чаралары тууралуу талкуулашкан. Өз кезегинде Эмомали Рахмон Орусиянын көрсөтүп жаткан гуманитардык жардамдары үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле сүйлөшүүдө орус-тажик соода экономикалык мамилелери боюнча дагы сөз жүргөн", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, телефондук баарлашуу тажик тараптын демилгеси менен ишке ашкан.