Биз социалдык тармакта

Депутат мунапыс тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынса, канча адам бошотула турганы боюнча маалымат жоктугун сындады

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеӊиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Анда депутат Алмазбек Токторов бул мыйзам долбоору кабыл алынса, канча адам абактан бошотула турганын сурады.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Мирлан Бакиров 9 500 адам эркинен ажыратылып, жазасын өтөп жатканын айтты. Анын айтымында, мунапыс менен канча адам бошотула турганын ЖАМК чечет.

Токторов канча адам бошотула турганы боюнча так сан жок болгонун сындап, алдын ала бул мыйзам долбооруна даярданып келүү керектигин айтты.

Мирлан Бакиров кийинки окууда бул тууралуу маалымат тактала турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан