Бишкектеги №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жабылды. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал эми басма сөз кызматынан эмнеге жабылганы боюнча маалымат беришкен жок.
"Борбордун филиалы иштеп жатат", - деди маалымат катчы.
Ал эми жергиликтүү маалымат булактары аталган борбордун 4 кызматкери коронавирус жуктуруп алганын жазып чыгышты.