ИИМ: "Кумтөрдөн" акча талап кылгандарды бошотууга ИИМден эч кандай убада берилген эмес”

“ИИМ "Кумтөрдөн" акча талап кылды" деп айыпталып жаткан Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановдун кызыкчылыгын көздөбөйт жана кармалгандарды бошотуп берүүгө Жети-Өгүз элине министрлик эч кандай убада берген эмес". Муну аталган министрликтин басма сөз кызматынан бүгүн, 30-августта бизге билдиришти. “Айыпталуучуларды кармап, УКМКга өткөрүп бердик. УКМК алардын үстүнөн кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүп жатат”,- деп кошумчалады басма сөз кызматынын башчысы Жоробай Абдраимов.  

Айта кетсек, айыпталуучу Эрмек Жунушбаевдин досу Чыңгыз Замиров бүгүн бизге: “ИИМ Жунушбаев менен Курмановду 10 күн ичинде бошотуп берүүгө жардамдаша турганын убада кылды”,- деп билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан