2012-2013-окуу жылында жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда мектеп курагындагы 12 миң бала мектепке барбай турганы белгилүү болду. Муну билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди. Айтымында, мындай изилдөөлөр жылына эки жолу өткөрүлүп турат. Мектепке барбай калгандардын көпчүлүгү оор шартта жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары.