Ош шаарында бүгүн, 30-августта жарандык коомдун өкүлдөрү журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. Алар өлкөдө болуп жаткан акыркы окуялар, митинг, пикеттер карапайым калктын жашоосуна зыянын тийгизип жатканын айтышты. “Үй салабыз, соода кылабыз деп убагында насыяларды алганбыз. Быйыл көрдүңүздөр, мөмө-жемиш бышып турган учурда Жалал-Абадда тополоң болуп, Ош-Бишкек жолу бир нече күн буулуп турду. Бекер эле жолдо эзилип жок болот деп Бишкекке жөнөтө турган мөмө-жемиштерибизди тербей коюп, жерге түшүп эле жок болду. Муну тополоңчулар ойлонушкан деле жок",- дейт шаар тургуну Гүлбайра Эралиева. Алар өлкөдөгү бардык окуяларды сүйлөшүү жолу менен чечүү керектигин билдиришти.