Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев президент Алмазбек Атамбаевди Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. “Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Кыргызстандын Эгемендүүлүк майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кылымдардан бери келе жаткан Кыргызстан менен Казакстандын достугу жана кызматташтыгы мындан ары да өнүгөрүнө ишенем. Учурдан пайдаланып сизге чың ден соолук жана ийгилик каалап, боордош кыргыз элине тынчтык, бейпилчилик тилейм”,- деп жазылган куттуктоодо.