Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон президент Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин Кыргызстандын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Куттуктоодо Рахмон эки өлкөнүн мындан аркы тыгыз байланышын уланта берүүгө даяр экендигин билдирген. “Сизге, урматтуу Алмазбек Атамбаев, бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми бир тууган кыргыз элине бейпилчилик менен өнүгүүнү каалайм”,- деп жазылат куттуктоодо.