Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун Жогорку Кеңешти сотко берди

Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун Жогорку Кеңешти сотко бергенин бүгүн, 30-августта бизге билдирди. Айтымында, ЖКнын акыйкатчылыкка талапкерлерге жарыялаган сынагы мыйзамга туура келбейт. “29-августта Бишкек шаарындагы райондор аралык сотко кайрылдым. Мыйзамга ылайык, акыйкатчылыкка сынак жарыялоону алгач ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети карап, тиешелүү токтомду кабыл алып, андан кийин гана парламент ал токтомду бекитип, сынак жарыяланышы керек. Ал эми бул жолу андай болгон жок. Эми 3 күн ичинде райондор аралык сот ишти өндүрүшкө кабыл алуусу керек. Эгер кабыл алынбаса, анда Бишкек шаардык сотко кайрылам”,- деди Акун.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан