Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов президент Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады. Анда: “Урматтуу президент, сизге жана сиздин элиңизди чын жүрөгүмдөн Кыргызстандын Көз карандысыздык күнү менен куттуктайм. Учурдан пайдаланып сизге чың ден соолук, ал эми кыргыз элине тынчтык, өсүп-өнүгүү жана бейпилдик каалайм”,- деп жазылган.