Электр энергиясына төлөм үчүн байларга өзүнчө, кедейлерге өзүнчө баа коюларын бүгүн, 30-августта премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Өкмөт башчы бул маалыматты Нарындын Кочкор районундагы жашоочулар менен жолугушууда айтты. “Кыргызстанда электр энергиясы үчүн баа кедейлер жана байлар үчүн бирдей, бул туура эмес. Буга байланыштуу өкмөт электр энергиясына болгон бааларды өзгөртүүнүн бир нече жолун иштеп чыгат”,- деди өкмөт башчы.