Ош. Айрым акын, жазуучулар КРнын Жазуучулар союзунун мүчөсү болушту

Бүгүн, 30-августта Ош облустук Жазуучулар союзу облустагы акын-жазуучуларга КРнын Жазуучулар союзунун мүчөсү экендиктерин тастыктаган күбөлүк жана төш белгилерди ташырды. Иш-чарага обладминистрациянын өкүлдөрү, Ош облустук Жазуучулар союзунун төрагасы Төрөбай Жороев жана башкалар катышты. Драматург Гүласел Алиева, акындар Базарбай Аматов менен Саидрахман Матиев жана башкалар Жазуучулар союзуна мүчө болушту. “Китеп чыгара турган болсоңор бизге кайрылгыла, колдон келген жардамды берели”,- деди Төрөбай Жороев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан