Жети-Өгүз районунун активисттери чогулуш өткөрүштү

Бүгүн, 30-августта Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында райондун активисттери жолугушуп, чогулуш өткөрүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Айтымында, чогулуш тынч өттү. “Ага болжол менен 100гө жакын киши келди. Аксакалдар саруулуктарды тынчтыкка, мыйзамга каршы келген аракеттерди жасабоого чакырышты. Учурда облус боюнча абал туруктуу”,- деди ал. Эске сала кетсек, "Кумтөрдөн" 3 миллион доллар талап кылуу фактысы боюнча айыпталып жаткан Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевге карата кылмыш иши козголуп, алар Бишкекке алынып келинген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан