Япониянын императору Акихито президент Алмазбек Атамбаевди жана кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. “Мен кубануу менен сизди жана кыргыз журтчулугун чын жүрөктөн куттуктайм. Сизге бакыт, Кыргызстанга өнүгүү каалайм”, - деп жазылган куттуктоодо.