Өмүрбек Текебаев: "Азыр электр энергиясынын баасын көтөрө турган учур эмес. Өкмөт жасай турган башка иштер да толтура"

"Электр энергиясынын баасын көтөрүү боюнча өкмөттүн демилгесинин азыркы учурда көтөрүлүшү туура эмес". Муну 30-августта ЖКнын депутаты Өмүрбек Текебаев маалымат булактарынын бирине билдирди. "Өкмөттүн башка кыла турган иши калбагансып, мындай демилге көтөрүп чыгышын колдобойм",- деди депутат. Текебаев баалар көтөрүлчү болсо, акыйкат чечим кабыл алуу керектигин белгиледи. "Өкмөттүн абоненттерди бай жана кедей деп бөлүшү эң жөнөкөй аракет. Электр энергиясын колдонууда белгилүү нормага чейин бирдей баа, ал нормадан ашыкча пайдалангандар үчүн башка баа коюлушу керек. Бул абоненттерди электр жарыгын үнөмдүү пайдаланууга үйрөтөт. Баалар жыл мезгилине, күндүн узун-кыскалыгына карата ар түрдүү болушу кажет",- деп билдирди депутат.  

Эл өкүлү бааларды көтөрүүдө сөзсүз элдин пикирин угушу керектигин айтты.

"Алгач бул багытта изилдөө, мониторинг жүргүзүп, элге кандай баа ыңгайлуу экенин билүү зарыл",- деп кошумчалады ал. Айта кетсек, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн Нарын облусунун тургундары менен жолугушууда электр жарыгына болгон бааларды көтөрүү аракети жүрүп жатканын айтты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан