Казакстанда коронавируска кабылгандар 2 миңден ашты. Аталган өлкөдө айрым ишканалар иштеп баштады

Казакстанда коронавируска кабылгандардын саны 22-апрель саат 09:00гө карата 2 миң 25ке жетти. Бул тууралуу өлкөнүн штабы кабарлады деп жазышат казак басылмалары.

Казакстанда коронавирустан каза болгондордун саны 19, ал эми 489 бейтап илдеттен арылды.

Аталган мамлекеттин Нур-Султан жана Алматы шаарларында тейлөө жана тармактык ишканалар акырындык менен ишин жанданта баштайт. Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин бидиргендей, айрым ишканалар, мекемелер санитардык эпидемиологиялык эрежелерди толук сактап, иштеп баштады. Мындан ары өлкөнүн башка аймактарындагы ишканалардын иши жанданары айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KalenAlmaz
2020-04-22 10:00:46
Башталсынчы деги кудай колдосун.
0
nazarnew
2020-04-22 11:14:45
Биздики дагы ишке кирсинчи уже, 30 Апрелден баштап, уже надоели олтура берип үйдө ачкадан.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан