Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош шаарында 64 энеге “Баатыр эне” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. Баатыр энелерге баалуу белектер да берилди. “Сиздер жети жана андан көп бала төрөп чоңойттуңуздар. Өзүңөрдүн өмүрүңөрдү балдарга тартууладыңар, бул зор эмгек”,-деди вице-мэр Дастан Ходжаев.