Жалал-Абад облусунда сутка ичинде 19 кылмыш иши катталган

Бүгүн, 23-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана Улуттук банктын Жалал-Абад облусундагы филиалынын жетекчиси Кусеин Акимбеков өзгөчө абал кирген аймактардагы кырдаал боюнча тиешелүү маалыматтарды берип жатышат.

Жалал-Абад облусунда сутка ичинде 19 кылмыш иши катталганын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңишбек Жоробеков билдирди.

"Өткөн суткада Жалал-Абад облусу боюнча 19 кылмыш иши катталды. Ал эми коменданттык сааттын эрежелерин бузган 14 жаранга мыйзамдын негизинде протокол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошол эле мезгилде жол коопсуздук кызматы тарабынан 132 автоунаа айып короосуна токтотулду. Учурда облус аймагында коомдук саясий абал туруктуу", - деп билдирди Жоробеков.

Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак, Ат-Башы райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылганы маалымдалган.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 аралыгы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан