Муфтият Орто Азия жана Кыргызстан мусулмандар конгрессинин төрагасы Бакыт Нурдиновду сотко берет. Муну 30-августта муфтияттын юристи Даниэль Жаркиев билдирди. Нурдинов буга чейин маалымат булактарына муфтияттагы паракорчулук тууралуу маалымат таркаткан. Ал "муфтийдин адамдары ажылыкка бөлүнгөн орундарды сатууда" деп билдирип чыккан эле. “Мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жаткан жок. Ал такталбаган маалыматтарды таратууда. Ар нерсенин чеги болот, биз аны сотко берүүнү чечтик”,- деди юрист.