Оштук спортчулар ушул жылдын 14-сентябрынан 21-сентябрына чейин Казакстандын Алматы шаарында өтө турган грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасындагы 3-Евразия оюндарына катышууга жолдомо алышты. Ага шаардагы дене тарбия жана спорт комитетинен 50 килограммдык салмакта Мухаммед Абдурашидов, 42 килограммдык салмакта Хожакбар Абылкасымов катышышат.