"Супер-Инфо" гезити жана SUPER. KG порталы кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт

"Супер-Инфо" гезити жана SUPER. KG порталы кыргызстандыктарды 31-август - Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт. Өлкөнүн көз карандысыздыкка ээ болуусу өз учурунда ак калпак кыргыз эли үчүн чоң жеңиш болгон. Дүйнөдө калкынын саны боюнча Кыргызстандагыдан эки эсе көп, бирок эгемендүүлүккө, ал тургай автономиялуу облус болууга жетише албай жүргөн бир топ улуттар бар. Андыктан эгемендүүлүктү барктай билели. Кыргыз элине биримдик, ынтымак, ден соолук, ал эми мамлекетке гүлдөп өнүгүүнү каалайбыз. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен! 

 

1991-жылдын 31-августунда КРнын Жогорку Кеңеши кезексиз сессия чакырып, мамлекеттин көз карандысыздыгы тууралуу Декларациянын негизинде токтом кабыл алган. Бул тарыхый документке ылайык Кыргызстан көз карандысыз, суверендүү, демократиялуу өлкө деп жарыяланган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан