Баткендеги шектүү парашютчулар табыла элек

Баткен аймагына 29-август күнү парашют менен түшкөн белгисиз 5 адам табыла элек. Муну бүгүн, 31-августта аймактык кабарчыбыз Бегайым Тажибай кызы билдирди. Издөө иштери жүрүп, ага чек ара кызматынын, РИИБинин кызматкерлери катышып жатканын Баткен ОИИБинен маалымдашыптыр. Айта кетсек, 29-августта асмандан 5 парашютчу түшүп келе жатканын Ак-Сай айылына караштуу Сары-Жаз жайлоосундагылар көрүшүп, милицияга кабарлашкан эле. Азырынча алардын дайыны белгисиз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан