“Урматтуу кыргызстандыктар! Кымбаттуу мекендештер!
Жыйырма эки жыл мурда өлкөбүз өз алдынча түндүк көтөрүп, эгемендикке ээ болгон. Кыргызстан өз киндигин өзү кесип, өз тагдырын, келечегин тандоого мүмкүнчүлүк алган. Кыйынчылыктар эми артта калып, өлкөбүз бутка турат деп үмүттөнгөнбүз. Ата-бабаларыбыз эңсеген максаттар тез эле ишке ашчудай сезилген.
Бирок биз эгемендүүлүк жолу ушунчалык кыйын болорун күткөн эмеспиз. Экономика кыйрап, элдин башына жокчулук, жакырчылык түшөт деп ойлонбоппуз. Жарандык согушту, улуттар аралык чыр-чатакты тутандыруу аракеттерине туш болобуз, мамлекеттүүлүктү жоготуу коркунучуна учурайбыз деп элестеткен эмеспиз. Бирок элибиздин сабырдуулугу жана калыстыгы өлкөбүздү сактап калды. Биримдигибизди, келечекке ишенимди жоготкон жокпуз.
Урматтуу менин мекендештерим!
Биз тирешүүлөргө, саясий талаш-тартыштарга көп убакыт коротуп койдук. Эми болсо иштей турган мезгил келди. Мамлекетибиз эми гана чыныгы көз карандысыздыкка багыт алды. Бүгүнкү күндө алгачкы, бирок абдан маанилүү кадамдарды жасап жатабыз. Биз максатыбызды ишке ашырышыбыз керек. Биз урпактар сыймыктана турган өлкөнү курууга милдеттүүбүз. Бүгүн бизге тынчтык жана ынтымак, туруктуулук жана биримдик керек. Ар бирибиз өз салымыбызды кошууга тийишпиз. Жаңы Кыргызстанды, жаркын келечекти бирөө келип бизге куруп бербейт. Элибиз да, жерибиз да бир. Башкасы жок. Биз ушул гана өлкөдө, мекенибизде бактылуу боло алабыз! Кымбаттуу мекендештерим!
Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм!
Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат турмуш каалайм. Жерибизде ынтымак жана биримдик уялап, элибизди ийгилик коштосун! Элибизди, жерибизди Кудай колдосун!"