Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстан элин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады

Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кыргызстандыктарды Эгемендүүлүктүн 22 жылдыгы менен куттуктады. Куттуктоонун текксти төмөндө:

 

"Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан сиздерди өлкөбүздүн эң чоң майрамы – Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 22 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

 

Өткөн жылдар ичинде Кыргызстан саясий, мамлекеттик курулуштун татаал жолун басып өттү жана эл аралык коомчулукта татыктуу ордун ээледи. Азыркы кезде өлкөнүн экономикасында өсүштүн белгилери байкала баштады, өкмөт өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын так аныктады, эл алдындагы социалдык милдеттенмелерин толук аткарууда. Реалдуу сектордо ири көлөмдөгү долбоорлор ырааттуу ишке ашырылууда. Көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан, бүгүн Кыргызстан 2017-жылга чейинки мезгилде өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында белгиленген максаттарга жетүү үчүн ишенимдүү кадам таштоодо.

 

Эгерде азыркы жетишкендиктерди бекемдеп, экономиканы мындан ары өнүктүрүү үчүн колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалана билсек, жакынкы келечекте калкыбыздын турмушун кыйла жакшыртууга жетишерибизге толук ишенем.

 

Урматтуу мекендештерим!

Ар бирибиз үчүн ыйык болуп эсептелген бүгүнкү күнү мен калайык-калкка сүйүктүү мекенибиздин жаркын келечеги үчүн ак кызмат кылып, жаратман эмгегибиз менен өлкөбүздүн гүлдөп-өсүшүнө татыктуу салым кошууга чакырам. Социалдык-экономикалык тармакта кыйынчылыктар, тез арада чечүүнү талап кылган көйгөйлөр көп. Бирок биргелешкен аракеттер бардыгын жеңет. Эл ичинде тынчтык, биримдик жана өлкөдө туруктуулук болуусу керек. Мамлекетибиздин тагдыры үчүн ар бирибиздин жоопкерчилигибиз зор экенин терең түшүнүүчү мезгил келди. Ошондуктан жалпы мээнетибиз жана таза, акыйкат иштерибиз менен өлкөбүздү өнүктүрүүнү улантып, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөө — бардыгыбыздын ыйык парзыбыз!

 

Эгемен мамлекетибиздин байрагы түбөлүк желбиресин, жергебизде тынчтык, журт ичинде биримдик болсун, жакшылык жана ийгилик кыргыз элин коштосун! Ар бир үйгө ачык маанай, ынтымак жана ырыскы каалайм!

Майрамыңыздар менен!" 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан